Өлкөдө 16 жашка толгон жаранга апасынын ысымын алууга уруксат берилди. Жөнөкөйлөтүп айтканда, паспортко «атасынын аты» деген графага жаран апасынын ысымын жаздыра алат. Буга уруксат берүү үчүн азыркы мыйзамга өзгөртүү киргизүү талап кылган чечимди Конституциялык сот кабыл алды.
Жарандык активист Алтын Капалова бул маселени бир канча жылдан бери көтөрүп келгени маалым. Ал Конституциялык сотко кайрылганын жана чечим кабыл алынганын жарыялады. Жарандык активисттин айтымында, жакында анын 16 жаштагы уулу паспорт алуу үчүн документтерин тапшырат жана баласы апасынын ысымын алышы ыктымал.
2021-жылы жарандык активист Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын берген. Анын мындай кадамын Каттоо кызматы мыйзамсыз деп таап, Капалованы сотко берген. Каттоо кызматы чечимин «Балага атасынын аты (отчество) катары өгөй атасынын же багып алган эркектин аты берилип, каттатса болот. Бирок эне андай кыла албайт. Мыйзам ушундай жазылган” деп түшүндүргөн болчу.