Казакстандын Жетисуу облусунда 32 жаштагы Айзат Жуманова 2 жаштагы кызынын көзүнчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Каргашалуу окуя 22-июнь күнү Аксуу районунун Баласаз айылында болгон, деп билдирет Orda.kz.
Келиндин жакындары анын өлүмүнө жолдошу күнөөлүү экенин айтып чыгышты. Алардын айтымында, жолдошу аялын атка байлап, сүйрөткөн. Ошондой эле узак убакыт сабаган соң, ооруканага алып барган. Дарыгерлерге 2-кабаттан кулап кеткенин айткан.
Полиция 106-берене (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш ишин козгогон. Шектүү кармалып, камакка алынган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











