Нарында көмүр 5500-6600 сомдон сатылып жатат
Нарын шаарында 2332 тонна көмүр шаар аймагындагы муниципалдык көмүр базаларында сатылып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Көмүр отунун тартылып келиши жана бекитилген баада, тийиштүү талаптардын чегинде сатуу Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиевдин көзөмөлүндө. Нарын шаарында Кара Кече көмүрү 6600, Турук көмүрү 5500 сом.