Abank_oct
SerepTV Logo

«Коопсуз өлкөнүн» алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасы орнотулуп жатат

«Коопсуз өлкөнүн» алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасы орнотулуп жатат
 
Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылууда заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Камералар кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоого, ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ички иштер министрлиги заманбап технологияларды колдонуу аркылуу кылмыштуулуктун алдын алуу, жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштерди улантууда.
SEREP MEDIA