«13 жашар кызды зордуктаган делген милиция кызматкерлеринин сүрөтү чыгып кетти. Эртең алардын балдарына зордук кылса, эмне кылабыз?». Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.
«13 жашар кызды зордуктаган делген милиция кызматкерлеринин сүрөтү чыгып кетти. Мында да чоң суроо бар. Бийлик бутактарына ишеним көбөйгөндө калктын айрым катмарынын бул сыяктуу кылмышкерлердин бети көрсөтүлсүн деген талап да азаят. Тилекке каршы, биз «самосуд» деген түшүнүккө бара жатабыз. Бийлик ыкчам чара көрбөгөнү үчүн эл өзү колго алып баштады. Жакында эле «Дордой» базарынын жанындагы Ак-Жол конушуна барып келдик. Ал жактын тургундары бизден кыйын юрист болуп кетишиптир. Бул жалпы мамлекеттик органдарга карата сын. Жаап-жашырып коюшпасын деп, жогорудагы окуя боюнча милиция кызматкерлеринин сүрөтүн чыгарып жиберишти. Адамдар ар кандай, эртең бирөө жарым барып, алардын балдарына зордук кылса, эмне кылабыз? Ким коргоп калат? Шектүүлөрдүн үй-бүлөсү бар, балдары мектепке барат. Алар жапа чекпеши керек», — деди Атыр Абдрахматова.
Ошо кылмыш кылган милиция болобу охраниги болобу балдарын ойлой бироонун балсын зордоштубу оздорунун кыздарына тийет кесепети бул дуйно кайтар дуйно дейт. Байкуш кичинекей кызды коркутушуп кантип адамдык касиеттери менен зордукташты.