Баткен облусунун администрациясы кечээ атышуу жүргөн чек арага чектеш аймактардан канча жаран көчүрүлгөнү тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, Лейлек районунан 10 миңден ашык, Баткен районунан 1,5 миңге жакын адам эвакуацияланды.
«Алар Баткендеги атайын уюштурулган пункттарга жайгаштырылды, айрымдар туугандарыныкына кетти«, — дешти басма сөз кызматынан.
28-апрелде Баткендин Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылында жергиликтүү тургундар менен тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. 29-апрелдин таңында тажик тарап кыргыздардын үйлөрүн аткылап баштаган. Абалга байланыштуу 3 айылга өзгөчө кырдаал киргизилип, айылдардан тургундар көчүрүлүп баштаган. Президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер Артем Новиковду чек арадагы чырды чечүү боюнча жумушчу топтун төрагасы катары дайындаган. Кечээ күнү саат 20:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашышкан. 30-апрелдин таңында кагылышуудан 134 адам жаракат алып, алардын 13ү каза тапканы белгилүү болду.