Бүгүн, 8-мартта өткөн Бишкектеги «Аялдардын тилектештик маршында» жарандык активист Айдай Токоева «Кыздын кырк чачы улуу» деп айтылган эл оозундагы кеп бүгүнкү күндө эч кандай мааниге ээ болбой калганын айтып, башкы трибунада элдин көзүнчө чачын кырды.
Ал өзүнүн мындай кадамын өлкөдө акыркы мезгилде гендердик басмырлоонун натыйжасында жана мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгон учурларда жүздөгөн аялдар өз күйөөлөрүнүн колдорунан каза табышкан. “Аялдардын кырк чачын сыйлабай өз күйөөлөрү өлтүрүп жатышса, бул чачтын мага кереги жок”, — деп түшүндүрдү жарандык активист.
Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек жана Ош шаарларында аялдардын укугу үчүн жөө жүрүштөр өттү. Иш-чара алгач Ошто башталып, ага элүүдөй адам катышты. Бишкектеги «Аялдардын тилектештик маршы» саат 13:00дө Ак Үйдүн алдынан башталып, 200дөн ашуун жаран катышканы айтылды. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштурган. Анда аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө чакырыктар жазылган чакырыктар, талаптар болду.