«Аялын жиликтеп, башы менен денесин ар башка жакка көмгөн». Соттук-медициналык эксперт жумушундагы окуяны айтып берди

Кылмыш-кырсыктан улам, түрдүү жагдайда каза болгон жансыз денелер менен иштөө – бул жолку каарманыбыздын күнүмдүк иши. “Тузу оор кесиптер” долбоорунун алкагында бул ирет соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчиси Сүйүн Касымовдун кесиби менен тааныштык. 25 жылдан бери ушул кесипти аркалап келе жаткан ал практикасындагы аянычтуу, жүрөк үшүн алган окуяларды эстеп айтып берди.

«Жиликтелип калган жансыз денелер болот. Менде мындай окуя болгон. Аялын күйөөсү кадимкидей жиликтеп, мүшөккө салып, башын башка жакка, денесин башка жакка көмүп салган. Милиция тапканда казып чыгарганбыз. Ал учурда адамды чогултуп, ошол адамбы же жокпу аныкташ кыйын болуп калат. Адам өлгөн соң өзгөрүү болот. Чирип, шишип, таанылгыс болуп калат»,- деди ал.