Азиз Мурадиллаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмай болду

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлмай болду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова билдирди.

Буга чейин маркумдун акыркы каалоосу аталган көрүстөнгө сөөгү коюлушу болгонун айткан эле.

Бүгүн, 17-декабрда Азиз Мурадиллаев узакка созулган оорудан улам 44 жашында дүйнөдөн өттү. Ал 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы актер Үсөн Мурадиллаев, апасы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева өмүр бою театр маданиятына кызмат кылган адамдар болгондуктан, Азиз Мурадиллаев да ата-энесинин жолун жолдоп, 1994-жылы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Окуусун 1997-жылы ийгиликтүү аяктары менен ошол эле жылы Москва шаарындагы Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайына тапшырган. 2001-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап келип, Кыргыз Улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Театрдын астанасын аттаары менен Мурадиллаев  Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын арзуусуна айланып келген. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан.

Азиз Мурадиллаев оору менен алышып жаткан учурда да театрды таштаган жок. Ал өмүрүнүн акыркы көз ирмемдерине чейин театрдын сахнасынан түшкөн жок. Театр эле эмес, кинодо да кайталангыс образдарды жараткан. Садык Шер-Нияз режиссерлук кылган “Курманжан Датка” фильминдеги Алымбек Датканын образы болуп калды. Мындан сырткары «Чиркин өмүр» киносунда Эркиндин, «Апамдын махабаты» сериалында Бакыттын, «Кара кыз» тасмасында Темирдин, “Президент жана бомж”, “Президент жана бомж 2” тасмаларында күйөө баласынын ролун аткарган.

Анын көп жылдык эмгеги бааланып, 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, алтын диплом менен сыйланган, 2015-жылы Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн “Ак Илбирс” Улуттук кино сыйлыгына ээ болгон. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган.