Бүгүн, 12-июнь — Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин туулган күнү. Актёрдун көзү тирүү болгондо 45 жашка чыкмак. Азиз Мурадиллаевдин жубайы Эльвира Жумалиева күйөөсүн эскерип, анын гитара менен ырдаган видеосун киргизди.
«Азизим менин, бүгүн тирүү болгонуңда 45 жашка чыкмак экенсиң, аттиң ай, айла жок. Кудайым маңдайга жазганды көрөт экенбиз, курандан башка айла жок экен. Жаткан жериң жайлуу болсун! Курандан башка айла жок. Азиз, сен дайым менин жүрөгүмдөсүң», — деп жазды жубайы.
Азиз Мурадиллаев 2022-жылы 17-декабрда боор циррозунан каза тапкан. Анын артында эки уулу калды.