«Азыр келем деп чыгып кеткен». Баткенде 18 жаштагы кыз кафеден чыккан бойдон дайынсыз

Баткенде 18 жаштагы Абдукаримова Лаура Курсантбековна дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 30-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп, “азыр келем” деп сыртка чыккан бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү кыска куртка, кара түстөгү спорттук шым, кышкы бут кийимчен болгон.

Кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Телефон номурлар: 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0777 80-65-68.