Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 24-апрелде Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты.

Азербайжандын президенти Чыңгыз Айтматовдун эстелиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин айтты. Ал жазуучунун адабиятка жана улуттук өзгөчөлүккө кошкон салымын, анын чыгармачылыгы Кыргызстанда жана Азербайжанда урматталышына шарт түзгөнүн баса белгиледи. Ильхам Алиев жазуучу менен болгон жолугушуусун эстеп, анын жарандык позициясын жана өз тамырларына берилгендигин билдирди. Ал Айтматовдун эки өлкө ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан жана Азербайжан элин эстеликтин ачылышы менен куттуктады.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун мурасына болгон өзгөчө жылуу мамилеси жана залкар жазуучуга арналган юбилейлик иш-чараларды уюштурууга кошкон жеке салымы үчүн Ильхам Алиевге ыраазычылык билдирди.