“Балага сүйүнчү” кимге чектелет? Бул тууралуу маалыматты Эмгек министрлиги таратты.
Кыргыз Республикасында төрөлгөн балдарга (толук мамлекеттик камсыздоодо болгон балдардан тышкары).
“Балага сүйүнчү” өлчөмү канча? “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт; Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
Арызды кайсы жерге берсе болот? Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ); Жарандык абал актыларын каттоо органдарына.
— ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.
— балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө Макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Орусия Молдова; Тажикстан; Армения; Украина, Казакстан; Беларуссия; Өзбекстан.
— Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Арыз ээси арызда көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгын текшериши керек, андан кийин өзүнүн колун коюш керек. Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күнүнүн ичинде банктык эсепке түшөт. Сиз акча каражатты РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта 6 айдан кеч эмес мөөнөттө алышыңыз керек.
Эскертүү: Банкка которулган акча каражаттары алты айдын ичинде алынбаган учурда Республикалык бюджеттин эсебине кайтарылат; Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби: акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине смс-билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.