Балакай жол тескөөчү: «Эми мага жайкыга кийгенге милициянын кепкасы керек болуп жатат»

Буга чейин интернетте “пара албайбыз” деген кичинекей “жол тескөөчүлөрдүн” видеосу тараган. SUPERTV дал ошол кичинекей инспекторлорду “айыпка жыгылган” айдоочу менен жолуктурду.

Балакай жол тескөөчүнүн апасы эми уулунун формасын жайкыга алмаштырыш керектигин айтты. Ал эми балакай кепка керек дейт. «Мага эми жайкыга Кыргыз Республикасы деген жазуусу бар, тоголок белгиси бар жайкы кепка керек болуп жатат», — деди.