«Балакай жол тескөөчүлөрдүн видеосу популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин» дейт видеонун автору

Буга чейин интернетте “пара албайбыз” деген кичинекей “жол тескөөчүлөрдүн” видеосу тараган. SUPERTV дал ошол кичинекей инспекторлорду “айыпка жыгылган” айдоочу менен жолуктурду.

«Мен видеону саат 14:00дөрдө тарткам. Негизи ТикТокко көп деле видео жүктөбөйм. Мен бул видео ушундай болуп кетет деп ойлогон эмесмин. 1 миң көрүү болот дегем, эртеси карасам көрүүлөр жарым миллиондон ашып кетиптир», — деди ал.