«Балам көзүн ачты». Альбуцид тамчысын колдонгон соң ооруканага түшүп калган 2 айлык наристенин бүгүнкү абалы

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине мындан 5 күн мурда 2 айлык наристенин атасы кайрылып, бейтапканада иштеген дарыгердин айынан баласы оор абалда ооруканага түшүп калганын айткан. Анын айтымында, нөөмөттөгү дарыгер альбуцид деген дары жазып берген. Ошол дарынын мурдуна куйган соң, абалы начарлап баштаган. «Бизге жазган негизи көздүн дарысы экен, бизге мурунга жазып берген» деген атасы.

Бүгүн, 21-октябрда редакция ымыркайдын атасы менен байланышып, анын уулунун абалын билдик. «Буюрса, жакшы жылыш бар. Балам көзүн ачты, өзү деле дем алат, бирок дем алдыруучу аппаратта жатып калган соң кичинекейлер өз алдынча дем алганды унутуп калышат экен. Ошондуктан азырынча дем алууга көмөктөшкөн аппаратта жатат. Абалы мындан да жакшырса, буюрса, дүйшөмбү күнү палата которобуз дешти», — деди атасы.