Социалдык тармактарда окуучунун апасы класста балдардын көзүнчө мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Бул окуяга карата билим берүү министри «мугалим жалдап алган кул же малайың эмес» деди. Мугалим уруш болгон күндү эстеп, өз версиясын айтып берди.
Ошондой эле уруш боюнча окуучунун апасы да үн катты. «Баламды 10 күн ыйлатыптыр. Мен директор менен сүйлөшүп кетип баратсам, «пошла вон» деди. Мен жекелигине өткөн жокмун, эне катары баламды коргодум. Баламды күндө ыйлатып, депрессия кылып коюптур. Мунун себеби менден акча сураган. Чака, швабра, бор деди. Мен макул, ата-энелер менен сүйлөшөлү дедим. Ага каршы болуп койгон үчүн баламды 1 жума ыйлатып, чүнчүтүп койду. Коомчулукка тарап кеткени өкүнүчтүү, бирок мага «пошла вон», «дура» деп жатса, жөн тура алган жокмун. Буга чейин балама кыйкырган. Мен бул нерсени туура эмес көрөм. Мындан кийин провокацияга алдырбайм. Экинчи мындай кайталанбайт», — деди ал.
Бул жерде билим берүүнү министри жана мектеп директору мугалим менен ата эненин араздашуусун иликтеп чыккан жана мугалимдин укугун абдан туура коргогон. Журналист кыз да кылдаттык менен, туура суроолорду берип маектешкен. Силерге ыраазычылык! Бар болгула!!!