Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери сууга чөгүп бараткан кыз менен баланы куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ысык-Көл облусундагы “Коста-Браво” эс алуу жайында ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери милициянын старшинасы Каныбек уулу Эдин кызмат өтөө учурунда сууга чөгүп бара жаткан 10 жаштагы кызды көрүп калып, аны куткарып калган. Көл жээгинде ойноп жатып сууга чөгүп бараткан кызды ата-энеси байкабай калган.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун “Лазурный берег” пансионатында эс алып жаткан балдардын бирөөсү сууга түшүп жатып буту тырышып сүзө албай, сууга чөгүп, жардам сурап кыйкырганын көл жээгинде кызмат өтөп жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алымбек уулу Адыл жана Бактыбек уулу Сыймык көрүп калышып, сууга чөгүп бара жаткан баланы куткарып калышкан.
Супер Аллахым ыраазы болсун сизден