Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев мурдагы жыйындарда кыргыз тил мыйзамы боюнча айткан пикири боюнча кечирим сурады. Анын айтымында, оюн так жеткирүүгө убакыт жетпей калган.
«Мен эмнеге каршы чыктым? Бул мыйзам ушул боюнча кабыл алынса мамлекеттик башкаруу системасындагылар С1 деңгээлинде билиши керек болгон. Баары билбейт. Демек, өтмөк эмеспиз. Мен ыр жазып, кыргыз тилин билген адам катары араң өткөм. Кадрлардын баары кетмек»,- деди ал.








