ЖАКтын №14 мекемесинде энелер күнүнө карата «Сагындым апа өзүңдү, жылмайган тунук жүзүңдү» аттуу майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул иш-чара биринчи жолу өтүп жатат. Колонияга жашы жете элек соттолгондордун энелери чакырылып, аларга мекеменин иш тартиби жана жаза өтөө шарттары көрсөтүлдү, ошондой эле концерт уюштурулду.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев келечек муундун туура калыптанышы, коомдун өнүгүшү эненин ден соолугуна, руханий күч-кубатына байланыштуу экенин баса белгиледи.