«Балдарымдын «нан алып келсе экен» деп күткөн күндөрү болот» дейт президентке кайрылган кыздын апасы

Буга чейин социалдык тармактарда «5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка» деген кыздын президенке кайрылган видеосу тараган.

«Садыр ата (ред. президент Садыр Жапаров), ыйык Орозо айыңар менен. Атам ооруганга байланыштуу акчабыз жетпей жатат. Бизге 1 бөлмөлүү болсо да үй берип тургулачы, кийин чоңойгондо акча таап, беребиз. 5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка, апамдын иштеген акчасына 1 эле нан келет», — деген кыз ыйлап.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги видео боюнча кыздын апасы менен байланышып, үй-бүлөнүн жашоо абалын сурап көрдүк.

«Видеодогу кызым 10 жашта, 2-класста окуйт. Мен намаз окуп, дуба кылып, суранам. Ошону көрүп кыздарым да жаттап алат. 5 балам бар. Мен мечитте даарат алган жерин жууп-тазалайм, бөтөлкө теребиз. Кудайга шүгүр, кээде акча болуп турат. Балдарым «апам нан алып келсе экен» деп күткөн күндөр болуп калат. Жолдошум ооруйт. Балдарыма жөлөк пул алабыз, 5 балага 6200 сом болот. Балдарымдын улуусу 11 жашта, кичүүсү 1 жашта. Ал эми батирди 12 миң сомго ижара алабыз. 5 балалуу адамды батирге да алышпайт экен. Сууну минтип койду, тигини тигинтип койду деп батырышпайт экен. Кыздарымды да ойлоп жер үйдөн көчкөнбүз», — деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номур: 0705 565 659.