Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында ага Орусиядагы мигрант ата-энелер кайрылып жатканын айтты. Анын айтымында, быйыл Орусияда ата-энелердин балдарын мектепке, бала бакчага берүүсү татаалдады.
«Орус тилинен экзамен берүүдөн массалык түрдө «кулап» жатышат. Эми ошол биздин мекендештерибиз эмне кылышат? Балдарын кайдан окутушат? Алардын жумушу ошол жакта болуп жатса. Министрлер кабинети өзү киришиши керек. ТИМ, элчилик борборлорду тузүп, орус тилин окутуу боюнча иш жүргүзушү керек. Экономикалык бир союздабыз, стратегиялык өнөктөш мамлекетте мындай болгону өкүндүрөт. Чечимдерди кабыл алуу керек. Орус өкмөтү менен сүйлөшүү керек», — деди депутат.









