Балыкчы шаарынын Абдрахманов көчөсүнүн жол четине чүкө формасындагы бордюрлар коюлду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«1 миллион сомго 500 даана чүкө жасалып, жол жээктерине коюлуп баштады. Алдыда шаардын башка көчөлөрүнө да коюу пландалып жатат. Аталган чүкөлөрдү айкелчи Данияр Абдиев “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасында жасады», — дешти.