«Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук Банктын, Экономика министрлигинин, Юстиция министрлигинин адистери, жабырлануучулар, банктардын, микрофинансылык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Депутат Шарапаткан Мажитова белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, мыйзамда белгиленген чектен жогору пайыз менен насыя берген жактарга жоопкерчиликти күчөтүү, аларга айып пул салуу каралууда. “Ошондой эле 2010-жылы кабыл алынга мыйзамда орточо пайыздык чен 15% болсо, азыр 3% жана 7%га токтолуп жатабыз”, — деди депутат Шарапаткан Мажитова. Аны менен катар кредитор менен карызкордун соттук териштирүүсү учурунда пайыздын, пениянын өсүүсүн да токтотуу сунушталууда.
Тегерек столдо жабырлануучулардын бири Абдумалик Кудайбердиев учурда банктарда пайыздык чен 36%, кредиттик союздарда 60%га чейин көтөрүлүп жатканын айтып айтып, 5000$ насыя үчүн 100 миң долларлык үйлөрүнөн ажырап жаткандарды мисал келтирди. Ошол эле учурда банктар акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй пайда таап жатканы айтылды. “Акыркы 2023-жылы 50 миллиард сом пайда алып жатасынар. Кредиттик союздар 11 миллиард пайда көргөн”, — деди Абдумалик Кудайбердиев.