Abank
SerepTV Logo

"Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес". Садыр Жапаров Акжол Махмудовду куттуктады

"Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес". Садыр Жапаров Акжол Махмудовду куттуктады

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Дүйнө чемпиону аталган Акжол Махмудовду куттуктады.

"Азаматсың Акжол баатыр! Кыргыз элине эле эмес жалпы эле күрөш сүйүүчүлөргө кызыктуу күрөш тартуулап, таза жеңишке жетиштиң. Кыргыз эли маңдайы жарыла сүйүнүп, кубанычында чек жок. Бардыгы алкап, олимпиада алтынын күтүп жатканы жашыруун эмес. Сенин да чоң спорттогу башкы максатың ошол болсо керек. Андыктан сага бекем ден соолук, спорттук ийгилик каалайм! Бар бол баатыр!",- деп жазды ал.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 77 килограмм салмакта күч сынашкан балбан Акжол Махмудов алтын медаль, дүйнө чемпиондугу наамы үчүн 11-сентябрда венгриялык спортчу Золтан Леваи менен килемге чыгып, атаандашын 8:0 эсеп менен жеңди. Бул жеңиш Кыргызстан үчүн грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында биринчи алтын болуп калды.