Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Пархат Тулендыбаев кыргыз тили боюнча сөз сүйлөп, кесиптештерин кол чаптырды.
«Кыргыз тили — мамлекеттин тили. Ар бир жаран улутуна карабастан мамлекеттик тилди урматтап, колдонуп, үйрөнүшү керек деп ойлойм. Мен башка улуттун өкүлү болсом да, кыргыз тилин урматтайм. Бул тил аркылуу мен кыргыз элинин салтын, маданиятын жана тарыхын үйрөнүп келем. Кыргыз тили — биримдиктин тили. Мамлекеттин тилин урматтоо — мекенди урматтоо деп билем. Мамлекеттик тилди билүү мыйзам талабы эмес, жүрөктөн чыгыш керек. Биздин өлкө көп улуттуу мамлекет. Ар бир эл өз тилин сактоого тийиш, шарт түзүлүп жатат. Кыргыз тили жаштардын тили болушу керек. Депутат катары кыргыз тилин өнүктүрүүгө даярмын. Ар бири бул ишке салым кошушу керек», — деген депутатка кесиптештери кол чабышты.








