Башкы прокуратура Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратовдун актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда

Бүгүн, 6-декабрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылды.

Журналисттерге билдиргендей, Башкы прокуратура жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу арыз менен кайрылган.

Жазаны жокко чыгаруу өтүнүчү өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго да тиешелүү.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде Эмил Жамгырчиевдин кылмыш иши жаңыланганы жатканын айкан.