Баштыктагы 7 миллион рубль. Депутат: «Орусияда кыргызстандык аял 2 жыл 6 айга соттолду. ТИМ нота жибериши керек»

«Мага Ноокен районунан кайрылуу түштү. Ал Новосибирскте иштеп жүрөт. Анын келинчеги 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылыптыр». Бул тууралуу депутат Мейкинбек Абдалиев билдирди.

«Ал сумканы уурдаган эмес. Ноутбуктун сумкасын таап алган. Ошондо 7 миллион рубль бар деп райондук сот камады. Ал калп детекторунан өтүп, анын чечими уурдаган эмес деп чыккан. Ага карабастан 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылып жатат. Кичинекей сумкага 7 миллион рубль батпайт. Биз сыртта жүргөн жарандарды коргоого милдеттүүбүз. Биздин ТИМ иштеп жатыптыр. Дагы тапшырма берип, ТИМ нота жиберсин. Биз өз жарандарыбызды коргойлу», — деди ал.