Abank july
SerepTV Logo

Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Баткен облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Кечээ, 16-сентябрда Кыргызстан Тажикстан менен чектешкен аймактарда курал колдонуу менен катталган чыр-чатакка байланыштуу аймакты тынчтык абалга келтирүү, кагылышуунун очогундагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, эвакуациялоо көчүрүү иштерин жүргүзүү, адам өлүмүнө жеткирбөө жана тийиштүү күчтөрдү мобилизациялоо максатында, Баткен облусунун жарандык коргонуунун башчысы – президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин 16-сентябрындагы буйругунун негизинде Баткен облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Өзгөчө кырдаал жарыяланган аймак Баткен облусун камтыды", - деп айтылат маалыматта.