Баткен облусунун башчысы: "Эгерде кырдаал өзгөрүп кетсе, расмий түрдө тез арада кабар беребиз" (видео)
22-сентябрга караган түн Баткен облусундагы чек арада тынч өттү. Кечээ 2 облус жетекчилеринин күч структуралары менен биргеликте чек арада тынчтыкты сактоо багытында бир канча жумуш алып барылды. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абдыкарим Алимбаев билдирди.
"Бул жумуш бүгүн дагы улантылат. Акыркы күндөрү соцтармактарда такталбаган маалыматтар таркалып жатат. Эгерде кырдаал өзгөрүп кетсе, ал тууралуу расмий түрдө тез арада кабар беребиз", - деди ал.