17-сентябрь саат 17:45ке карата Борбордук казыналыгы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын жүрүшүндө калкты колдоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынан акча каражаттары алынганын билдирет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Учурда Кыргыз Республикасынын жарандары жана башка ыктыярчылар жиберген сумма 9 миллион 862 миң 243 сом 27 тыйынды түзөт. Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.