Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен районуна караштуу Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы курулуп бүткөн үйлөрдүн сапаты менен таанышты. Текшерүү учурунда ал “президенттин тапшырмасы менен Баткен облусунда курулуп бүткөн үйлөрдүн сапатын текшерүү үчүн келгенин” белгиледи.
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында Баткен районунда жалпысынан 316 үй (417 ичинен) талкаланып, учурда 315 үйдүн курулушу аяктады. Аталган аймактардын инфраструктурасы жакшыртылды, ички жолдорго асфальт төшөлүп, ар бир үйгө коммуникациялар тартылууда. Мындан тышкары алдыдагы окуу жылына карата 275 жана 100 орундуу жалпы орто билим берүү мектептеринин курулушу бүтөөрүн белгиледи.
Андан ары Акылбек Жапаров чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн уккандан кийин суроолоруна жооп берди. Жолугушууда чек арага жакын жайгашкан айылдарга мындан аркы мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери көтөрүлдү, анын ичинде тургундар 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы каргашалуу окуялардын натыйжасында жапа чеккен ишкерлерди колдоо маселелерине кызыгышты.
Жолугушууга катышкан Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кайгылуу окуялардын натыйжасында Баткен облусуна келтирилген жалпы зыяндын көлөмү 3,6 миллиард сомду түзгөнүн жыйынга катышкандарга маалымдады, аны менен катар мамлекет тарабынан ишкерлерге 300 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам бөлүнгөн, мындан тышкары мамлекеттик банктар ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүдө. Акылбек Жапаров ишкерлерди колдоо боюнча иштерди улантууну тапшырды.