Баткенде милиция кызматкерлери каналга агып бара жаткан аялды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасынын кызматкерлери милициянын кенже сержанты Мотоев Мадияр жана милициянын сержанты Мадали уулу Мелис бүгүн, 14-июлда саат 10:00 чамасында Ай-Сай айыл аймагындагы кайгуул-күзѳт кызматын алмаштырууга бара жаткан учурда, Баткен районунун Кѳк-Таш айылынын кире беришиндеги чоң каналда агып келе жаткан аялды кѳрүп калышкан.
Ошол замат 2 милиция кызматкери сууга секирип киришип, аялды куткарып калышкан. Андан соң, куткарылган аялды ооруканага алып кетишкен. Аялдын учурда абалы жакшы.