Баткен шаарында «Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнү иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Баткен шаарынын жана районунун аймагынан барып, чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мекендештердин демилгеси менен Баткен шаарында «Элден элге жардам» кайрымдуулук дүкөнү ачылып, иштеп жатат. Дүкөндө негизинен муктаждарга акысыз азык түлүктөр берилет. Баткен шаарынын тургуну Жумабай Шакиров, Дамира Шакирова жана Айбек Надировдун демилгеси Орусияда иштеген мекендештердин колдоосуна ээ болгон. Алар дүкөндү каржылоо үчүн атайын эсеп ачып, ай сайын акча каражатын которуп турууну макулдашкан. Топтолгон каражатка турмуш-тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүк алынып, дүкөнгө коюлат. Мекендештердин демилгесин учурда Америка Кошмо Штаттарында эмгектенген мекендештер, жергиликтүү колунда бар тургундар да колдоого алып, жардам берүүнү каалаган жарандардын катары көбөйүүдө.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жалгыз бой жардамга муктаж энелер, турмуш шарты оор үй-бүлөлөр келип азык-түлүк алып кетсе болот. Дүкөндүн уюштуруучулары жарандардын муктаждыгын аныктоодо жергиликтүү бийлик органдары тарабынан берилген тизменин негизинде иш алып барат. Дүкөн ачылгандан бери 200 адамга жардам көрсөткөн. Дүкөн жуманын дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.
Дареги Самат Сыдыков көчөсү. Жардам алууну жана жардам берүүнү каалагандар +79629530231 номуруна байланышса болот.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...
8-март күнү саат 17:45 чамасында Нарын-Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган....