Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 216,5-чакырымы (Развилка Чоң-Талаа), 265-чакырымы (Кара айыл бөлүгү), 272-чакырымы (Төрт-Көчө бөлүгү) жана Баткен — Кара-Бак, Баткен — Кызыл-Бел унаа жолдору каттам үчүн жабылган.
Лейлек районунун Кайрагач-Кулунду-Арка унаа жолу, эски багыттагы Ош-Баткен-Исфана жолунун 340-346-чакырым аралыгы жабылган.
Төрт-Күл — Достук (Кара-Бак айылы), Ак-Сай — Рават, Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай, Көк-Таш — Ак-Терек эвакуациялык жолдор ачык, каттам бар.









