Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жолугушуусу өттү

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар жалпы узундугу 17,66 чакырымды түзгөн кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасын бүтүрүп, ишти улантуу үчүн 2023-жылга жолугушуулардын графигин макулдашкан.

Кийинки жолу делегация мүчөлөрү Тажикстанда жолугушат.