Баткенде мал айдоого кеткен 30 жаштагы жаран 5 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Баткенде 30 жаштагы жаранды куткаруучулар менен бирге жергиликтүү тургундар да издеп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоого кетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Издөө иштерине 9 куткаруучу, жергиликтүү 50 тургун, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылган.