Волейбол боюнча ИИМдин биринчилигинде Жалал-Абад облустук милициясы ийгилик жаратты

Жалал-Абад ОИИБде спортто ийгилик жараткан кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Өткөн жумада Баткен жергесинде кызмат учурунда каза болгон Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналып өткөрүлгөн спорттун волейбол түрү боюнча ИИМдин биринчилигинде Жалал-Абад ОИИБдин курама командасы ийгиликтерге жетишкен. Тактап айтканда, кыз-келиндер арасында Жалал-Абад ОИИБдин командасы 1-орунду ээлеген болсо, эркектер арасында команда 3-орунга ээ болгон.

Бул ийгиликтери үчүн Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев райондорго кетүүчү спортчулардын себебинен курама команданы күн алдын өзү кабыл алып, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын намысын коргоп, алдыңкы орундарга ээ болгон кызматкерлерге ийгилик каалап, мындан ары да спортчуларга колдоо болорун баса белгилеген. Ошону менен катар өздүк курам алдында мелдеште «мыкты оюнчу» деп табылган жана курама команданын капитаны милициянын подполковниги Абдымиталип Зулпукаровго кубок жана дипломдор тапшырылып, бир катар спортчулар сыйланышты. Андан сырткары, кезектеги атайын наамдар улук офицердик курамдагы кызматкерлерге салтанаттуу түрдө ыйгарылып, жетекчилик тарабынан куттукталып, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө бакыт каалап өтүштү.