Баткен шаарында 40 миң тоокко ылайыкталган ферма ишке кирет. Учурда ферманын курулушу, жабдууларын орнотуу иштери дээрлик аяктаган.
Жабдуулар Түркиядан алып келинген. Иш процесси, заманбап технологиянын жардамы менен автоматташтырылган ыкмада жүрөт. Жакынкы күндөрү тоокторду алып келүү күтүлүүдө. Ферма пайдаланууга берилсе күнүнө 35 миңге жакын жумуртка алынып, жалпы 15 жумушчу орун түзүлөт.
Тоок ферманы куруу үчүн ишкер Адилет Абдувалиевге мамлекет тарабынан 30 миллион сом жеңилдетилген насыя берилген. Алдыда өндүрүлгөн продукция ички базарларга жана экспортко чыгат.
Ишкер Адилет Абдувалиевдин атасы Матиса Надиров Баткен районунун Ак-Сай айылында алгачкылардан болуп тоок фермасын ачып, Баткен аймагын жумуртка менен камсыздап турган. Ишкердин фермасы 2022-жылдын сентябрь айында чек арадагы куралдуу жаңжалда өрттөлүп, өзү каза болгон. Атасынын ишкердигин кайра калыбына келтирүүнү максат кылган уулу Адилет Абдувалиев алты ай аралыгында жаңы ферманы түзүүгө жетишти.