Abank
SerepTV Logo

Баткендеги Миң-Теке тоосунда бели сынган туристти тик учак менен түшүрүштү

Баткендеги Миң-Теке тоосунда бели сынган туристти тик учак менен түшүрүштү
Баткен районуна караштуу Миң-Теке тоосунда Нидерланддардан келген 1986-жылы туулган турист бутун кокустатып, белин сындырып алган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Туристтик фирма жабыркаган жаранды коопсуз жайга түшүрүү үчүн тик учак сурап кайрылган. Жер кезерди тоодон түшүрүү үчүн Бишкек шаарынан ӨКМдин Авиациялык ишканасынын тик учагы саат 09:35те учуп чыгып, туристти алып түшүп, Ош шаарынын аэропортунда Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти. Тик учак саат 17:55те терс окуясыз Бишкек шаарына конгон.