Abank
SerepTV Logo

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн 311 миллион сомдон ашык акча түштү

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн 311 миллион сомдон ашык акча түштү
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда калкка колдоо көрсөтүү үчүн Кыргыз жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 311 миллион 927 миң 920 сом түшкөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. "Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган",- деп айтылат маалыматта.