«Батмакан Жолдубаеванын ишине тиешеси жок». Баткен ОИИБ жазаланган кызматкерлери тууралуу үн катты

Бүгүн, 23-майда Акыйкатчы институту маалымат таратып, Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча маалымат чыккан күндөн тартып, бул иш Акыйкатчынын көзөмөлүндө экенин, шектүүгө карата жасалган иштер тууралуу маалымат берип, Баткен ОИИБдин ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен РИИБдин 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине катуу сөгүш, ал эми Баткен РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу тартиптик чара колдонулганын билдиришкен.

Баткен ОИИБ жазаланган кызматкерлери тууралуу үн катты. Баткен РИИБдин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшергенде ал жерде мыйзамсыз сакталган буюмдар табылган. Бул багытта башкармалыктын ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, 15-май күнү корутунду чыгарат. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болуп, анын ичинен бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту тараткан билдирүүдөгү Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн козголгон кылмыш ишине тартиптик жазага кириптер болгон Баткен РИИБнүн кызматкерлеринин тиешеси жок»,— деп айтылат маалыматта.