Бүгүн, 27-апрелде Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиевдин жубайы Сабира Турсункулова каза тапты. Бул тууралуу туугандары билдиришти.
«Ал ооруканада жаткандыктан, жолдошунун каза тапканы тууралуу айтылган эмес», — деп билдиришти алар.
Бексултан Жакиев 25-апрелде коронавирустан көз жумган. Сөөгү 26-апрелде Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Буга чейин анын жубайы Сабира Турсункулова дагы вирус жуктуруп, ооруканада жатканы айтылган эле.
Сереп Медиа агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
ыйманы саламат болсун биздин журогубуздо жашайт биздин жазуучубуз