Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчкону кабыл алды.
Жолугушууда тараптар буга чейин кабыл алынган келишимдердин алкагында билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги перспективдүү маселелерин талкуулашты. Учурда эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бар. Анын алкагында паритеттик негизде эки мамлекеттин университеттеринде окуу үчүн жыл сайын 10го чейин гранттык орундар бөлүнөт. Мындан тышкары, элчи мырза 2021-2022-окуу жылы үчүн Беларустун президентинин 2018-жылдын 12-июнундагы жарлыгынын алкагында Кыргыз жарандары үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча аталган өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуу үчүн 12 гранттык орун бөлүнгөндүгүн маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар IT адистиктери боюнча адистерди биргеликте окутууга кызыкдар экендигин билдиришти. Өз кезегинде элчи министрди Беларуска расмий иш сапары менен барууга чакырды.








