Жума, 13.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Бешинчи каналдын» кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчыга кайрылышты

15:57 05.04.2021
0
«Бешинчи каналдын» кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчыга кайрылышты

«Бешинчи каналдын» кызматкерлери жетекчисине каршы өлкө башчыга кайрылууда.

Кайрылуунун тексти:

«Бизге буга чейин жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп келген. Бирок ал акча кызматкерлердин эмгек акысы үчүн бир жылга толук жетпей, калганы кошумча булактардан жабылчу. Быйыл жыл башында өкмөт тараптан бир жылга бөлүнгөн акчаны үнөмдөп жеткирүү менен оптимизация жасоо талабы коюлган. Ошол кездеги жетекчибиз Эрнис Кыязов коллективге бул үчүн штаттык кыскартууга баруу, же бардык кызматкерлердин айлыгынан 10-20 пайыз кыскартууну сунуштап, жалпы жамаат эч кимди кетирбей эле эмгек акыдан кыскартууга макул болгон.

Бул долбоор даярдалып, тиешелүү тараптарга сунушталып жаткан учурда жетекчибиз алмашып кетип, Эрнис Кыязовдун ордуна Рахат Сулайманов башкы директорлукка дайындалды. Бирок жаңы келген жетекчибиз коллектив менен макулдашпай, эч кимге жарыялабай туруп, оптимизация долбоорун бекитип салганын, көпчүлүк кызматкерлер айлыгы алгач айтылгандан көп суммага кыскарып кеткенин маяна алганда гана билип отурат. Муну менен эле токтоп калбай Рахат Сулайманов кайра экинчи жолу оптимизация жасап, айлыктар дагы кыскарды. Андан бир канча кызматкердин маянасы 30-40 пайызга азайып кеткен. Эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалган. Бул жерде биздин конституциялык укугубуз жана Эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган. Мындан сырткары бул иште “өзүм билемдик”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептейбиз.

Ошол эле учурда айлык азайганына байланыштуу 7-8 кызматкер жумуштан кеткен. Эгер коллективдин кызыкчылыгын ойлогон жетекчи болсо айрым функцияларды бириктирүү менен кеткен кызматкерлердин эсебинен экинчи кыскартуунун алдын алса болот эле. Рахат Сулайманов анткендин ордуна эч кандай муктаждык жок болсо да аткаруучу директор, жооптуу редактор деген жаңы орундарды ачып, ага сырттан ТВда бир күн эмес, бир саат да иштебеген, тажрыйбасы жок өз кишилерин алып келүү менен ири өлчөмдө айлык коюп берди. Натыйжада, мурда бир эле башкы продюсер жасап келген ишти 3-4 адам аткарып, тек гана буйрук берген чоңдор көбөйдү. “Өз кишилерге” очойтуп, өзүнчө бирден бөлмө берилип, карапайым кызматкерлер муздак, шарты жок бөлмөлөрдө тыгылып отурат. Ал аз келгенсип ишти билбеген “өз кишилер” жалпы жамаатка, айрыкча жаш кабарчыларга шылдың болууда. Мындай абал иш процессин татаалдатып, кедергисин тийгизүүдө.

Мындан тышкары биздин каналда бир күн да иштебей, бирок штаттык орунга кирип, айлык алып жүргөн адамдар бар экенин аныктадык. Бул “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш иши. Андыктан ага тиешелүү органдар өз баасын берет деген ишеничтебиз.

Рахат Сулайманов жетекчи болуп келер замат биздин каналдагы эң популярдуу, эл көп көргөн “Ойбүгүн”, “Күнөзөк” программаларын коллектив менен бир ооз кеңешпей, эч кандай себепсиз өзүм билемдик менен токтотуп, “Учурда”, “Бешинчиде бешөө” берүүлөрүн кыскартып салды. Ошол эле кезде алардын ордун сапатсыз, маани-маңызсыз, көбүнчө сырттан келген берүүлөр менен толтурууда. “Бөрк ал десе баш алган” цензуралык саясат жүргүзүп, бир беткей берүүлөрдү гана чыгартууда. Бул өлкөбүздүн Баш мыйзамындагы сөз эркиндиги боюнча принциптерге жана урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун “Сөз эркиндигине кысым болбойт” деген саясатына караманча каршы деп эсептейбиз. Мындай абал эл арасында каналдын рейтинги кескин түшүп кетүүсүнө алып келди.

Биздин эфирден аймактык каналдар да көрсөтпөй турган айылдык алкактагы иш-чаралар республикалык деңгээлде бир канча сааттап, кайра-кайра кайталанып көрсөтүлө баштады. Буга 20-мартта Сокулук айылында өткөн бир иш-чараны мисал кылсак болот. Көрсө, Рахат Сулайманов ал жерде кошоматчы жан-жөкөрлөрү менен кошо сый көрүп, Сокулуктун жетекчилерине “Бешинчи каналдын” атынан таңгактап ыраазычылык кат тапшырып келген экен. Анысын эфирден кайра-кайра көргөздү.

Ошол эле учурда коллективдин ичинде ага сын айткан кызматкерлерге психологиялык басым жасоо менен кылдан кыйкым издеп, улам бирине түшүнүк кат жаздырууга өттү. Кызматкерлерди “өз” жана “бөтөн” деп бөлүү менен тандалма жасалган мындай репрессивдик кадамдар жамаатта жагымсыз атмосфера жаратып, ички интриганы күчөтүүдө.

Ушундай жагдайлардан улам биз – “Бешинчи каналдын” жамааты Рахат Сулаймановдун редакциялык жана кадрдык саясатына каршыбыз. Бизге кызматкерлерин кодулап, түшүнүк кат жаздыргандан ырахат алган, курсагы тойгон жерде кабаттап ыраазычылык кат тапшырып жүрө берген жетекчи эмес, жаңыча ой жүгүрткөн, заманбап медианы түшүнгөн, жамаат менен эсептешип иш кылган, кызматкерлердин кызыкчылыгын коргогон, иш билги, прогрессивдүү көз караштагы жетекчи керек.

Урматтуу эл жакшылары! Биз мыйзамды сыйлайбыз, баары мыйзам чегинде чечилишин каалайбыз жана иш процессин үзгүлтүккө учуратчу мыйзамсыз кадамдарга барбайбыз. Болгону сиздерден тез арада биздин маселени карап, калыс жана акыйкат жетекчи бекитип берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Эгер бул суранычыбыз жакын арада аткарылбаса анда иш таштоо, митинг-пикетке чыгуу сыяктуу нааразылык акцияларына барууга аргасыз болобуз».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

Автор Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
0

Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү