Социалдык тармактарда беткапчан киши деген ат менен белгилүү адам бул жолу да кыргызстандык үй-бүлөгө жардам берди. Тагыраагы, буга чейин бул үй-бүлөгө жаран элдин жардамы менен кол сунуп, 13 жаштагы баланын карындашынын операциясына акча чогултуп берип, Түркияда операция жасаткан.
13 жаштагы бала талаа иштерине чыгып, үй-бүлөсүнө жана ооруп жаткан карындашына акча топтоп келген. «Азыр карындашым ойноп-күлүп калды», — дейт бала.
Ал эми беткапчан киши бул жолу үй-бүлөгө үй белек кылды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги беткапчан киши менен байланышканыбызда, үй-бүлө Кыргызстанда турарын айтып, үйдү Кыргызстанда белек кылганын билдирди. «Үй-бүлө батир ижарага алып же туугандарыныкында жашашчу. Биз үй белек кылдык», — деди ал.










