Билим берүү министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын Түркияга которду

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын Түркияга которду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которду»,- дешти.