Abank
SerepTV Logo

"Өлкө жетекчилиги окутууну жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүү аракетинде". Садыр Жапаров Билим күнү менен куттуктады

"Өлкө жетекчилиги окутууну жакшыртуу үчүн зарыл шарттарды түзүү аракетинде". Садыр Жапаров Билим күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: Дүйнө ааламдашып жаткан маалда сапаттуу билим берүү – туруктуу өнүгүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп калды. Мамлекет тарабынан өлкөнүн билим берүү тутумун дүйнөлүк агартуу мейкиндигине акырындап интеграциялоо менен өнүктүрүүгө басым жасалууда. Окутуунун ык-амалдарын жаңыртуу менен билим берүү жаатындагы өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууну көздөп жатабыз.  Мына ушундай асыл максаттар менен өлкө жетекчилиги ар бир билим берүү мекемесинде окутуу иштерин жакшыртуу, өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү аракетинде. Мугалимдер болсо коомубузга билимдүү жаштарды даярдоого жан-дилин, бар билимин, убактысын арноого даяр деп ойлойм. Ал эми ар бир ата-эне балдарынын билим, тарбия алуусуна жигердүү катышып, мектеп менен тыгыз байланышта болуп, өлкөбүздү өргө сүрөй турган жаштардын чыгышына опол-тоодой салым кошо алаарын унутпашы абзел.  "Максатсыз адам - канатсыз куш" деген накыл кеп сыңары, “турмушта өз ордумду тапсам экен” деген ар бир окуучунун, “тарбия менен билим берген окуучум эл керегине жараса экен” деген ар бир мугалимдин, “балам өз мекенине ак кызматын арнаса экен” деген ар бир ата-эненин үмүт-тилеги, ой-максаттары орундалсын!”.