Бир катар жетекчилерге милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн дисциплинардык жазалар жарыяланды

Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди;

– “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жумагазиев Канат Сагыновичке – ИИМдин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Термеев Руслан Качкынбаевичке – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.