Бүгүн, 20-июндагы “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Эльдар Сулайманов сөз сүйлөп, Ош шаарындагы Ош облустук балдар ооруканасына заманбап онкология жана гемотология бөлүмүн куруп берүүнү суранды.
«Онкология жана гемотология бөлүмү бар. Экөө бир жерде жайгашкан. Ал жерде 20дан ашык эле палата бар. 1980-жылдары курулуп, эскилиги жеткен. Ошол бөлүмгө Ош облусу эле эмес, Жалал-Абад, Баткенден да келишет. Мен да көп барып, таанышып калдым. Оорукананын аймагында жери бар экен. Мурда берилип кетип, азыр кайтарылып жатыптыр. Ошол жерге заманбап бөлүм куруп берсек. Мен барганда көрдүм. Бир палатада 3-4 бала жатат экен. Эч кандай шарты жок. Жуунучу бөлмө жок, жайында ысык болот экен. Ушуну көзөмөлгө алсак»,— деди депутат.